Коом

Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өттү

Taberik Newsroom 3 мүн окуу

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо актысын бекитти. Иш «жашыруун» статусу менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү.

Бул тууралуу Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, тергөө материалдары толугу менен купуяланган.

«Кылмыш иши жашыруун деп табылды. Бул соттук отурумдардын жабык өтөрүн жана маалыматтардын ачыкка чыгуусуна тыюу салынарын билдирет.»

Негизги айыптоолор:

  • Бийликке каршы аракет: Күч менен бийликти басып алууга даярдык көрүү;
  • Кызматтык кылмыш: Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу.

Белгилүү болгондой, бул иш боюнча Ташиевден сырткары дагы жети адам айыпталуучу катары өтүүдө.

Тергөөнүн хронологиясы жана сурактар

Окуянын өнүгүшү апрель айынын соңунда кескин мүнөзгө ээ болгон. Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында бир нече ирет сурак беришкен.

Камчыбек Ташиев Камчыбек Ташиев

29-апрель күнү кечиндеги кезектеги сурактан кийин Ташиевге расмий түрдө айып коюлганы маалым болду. Мурдагы «күч түзүмүнүн кожоюну» өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин жана укуктук талаада коргонууга даярдыгын билдирүүдө.

Эске салсак, 2026-жылдын 10-февралында президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы кызматынан бошоткон.

Президенттин расмий версиясы боюнча, бул чечим мамлекеттин кызыкчылыгында жана коомдо ыдырап кетүүнү алдын алуу үчүн кабыл алынган. Ташиевдин аты менен жүргөн айрым топтордун депутаттарды жана коомдук ишмерлерди «генералдын тарабына» өтүүгө чакырып, бөлүнүүгө алып келген аракеттери байкалган.

Ташиев өзү бул чечимди күтпөгөнүн, учурда Германияда дарыланып жатканын билдирген, бирок мамлекет башчынын чечимин кабыл алып, тарапкерлерин мыйзам чегинде гана аракет кылууга чакырган.