USD/KGS: ▲ 88.50 EUR/KGS: ▼ 95.20 RUB/KGS: ▲ 0.95 KZT/KGS: ▼ 0.19 CNY/KGS: ▲ 12.20 Алтын (гр): ▲ 6,500.00 Күмүш (гр): ▼ 82.00 Кара май (баррель): ▼ 74.50 USD/KGS: ▲ 88.50 EUR/KGS: ▼ 95.20 RUB/KGS: ▲ 0.95 KZT/KGS: ▼ 0.19 CNY/KGS: ▲ 12.20 Алтын (гр): ▲ 6,500.00 Күмүш (гр): ▼ 82.00 Кара май (баррель): ▼ 74.50
Меню
Жарнама
Коом

Садыр Жапаров Бишкектеги жатак-мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты

Taberik Newsroom 3 мүн окуу
Президент Садыр Жапаров интернаттардын бүтүрүүчүлөрү үчүн түзүлгөн убактылуу турак жай шарттары менен таанышты — Taberik

Президент Садыр Жапаров ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты

Макаланы угуу мүмкүн эмес
00:00

Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен жеринен таанышты.

Мамлекет башчысына Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында, толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон томолой жетимдер үчүн убактылуу жашоо шарттары уюштурулгандыгы тууралуу кеңири маалымат берилди. Жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин, окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоо баскычында турак-жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын социалдык колдоо максатында МИК атайын социалдык конок үйүн бөлүп берген. Ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу баскычында туруктуу жашай алышат.

Бөлүнгөн батирлер балдарга жана кыздарга арналган атайын эки өзүнчө блоктон турат. Бул жайда өспүрүмдөрдүн өз алдынча жашоого ыңгайлашуусуна, билим алуусуна жана келечектеги кесиптик жолун пландаштыруусуна өбөлгө түзгөн бардык зарыл болгон турмуш-тиричилик шарттары түзүлгөн. Учурда бул борбордо 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 жигит жана 15 кыз) жашап жатат. Алар Бишкек шаарындагы, ошондоо эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин тарбиялануучулары болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров турак жайларды кылдат көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышты жана алар менен жакындан баарлашты. Садыр Жапаров 2020-жылы Президенттик кызматка киришкенден бери жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси анын артыкчылыктуу багыттарынын бири болгонун баса белгиледи. “Бүгүн бул маселе иш жүзүндө чечилди: улан-кыздар жогорку окуу жайын бүтүрүп, жумушка орношконго чейин бир нече жыл ушул жерде жашай алышат”, — деп билдирди Мамлекет башчысы.


Мындай социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, анда өлкөнүн түштүк аймактарынан келген бүтүрүүчүлөр жайгаштырылган. Келечекте бул жаштар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, алар өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик “Келечекке салым” программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын түз пайдалана алышат.

Жолугушуунун жүрүндө жаштар Президентке өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жеке турмуштук окуялары жана келечекке болгон пландары менен бөлүшүштү. Муну менен бирге, алар окуу жылы бою мекемелердин ичинде болуп, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүктөрү аз экенин айтып, жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагерин уюштуруп берүү өтүнүчүн билдиришти. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени ыкчам жана сапаттуу чечүүнү дароо тапшырды. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөргө окууда жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, тыкандыкка, үнөмчүлдүккө жана тартипти сактоого, ошондой эле сапаттуу билим алып, коомдук турмушка активдүү аралашууга чакырды.

1-июнь майрамынын тарыхы

  • Майрамдын келип чыгышы: Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө чечими 1949-жылы ноябрь айында Парижде өткөн Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын атайын сессиясында кабыл алынган. Ал эми алгачкы жолу 1950-жылдын 1-июнунда дүйнөнүн 51 өлкөсүндө белгиленип, согуштан кийинки жетим калган балдардын коопсуздугун жана ден соолугун коргоо максатын көздөгөн.
  • Кыргызстанда кабыл алынышы: Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин, 1994-жылы БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясына расмий түрдө кошулган. Мунун негизинде, 1-июнь — Балдарды коргоо күнү өлкөбүздө жыл сайын мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү расмий маанилүү дата катары бекитилип, жаш муундун укуктарын коргоо жана социалдык колдоо көрсөтүү саясатынын өзөгүн түзүп келет.