USD/KGS: ▲ 88.50 EUR/KGS: ▼ 95.20 RUB/KGS: ▲ 0.95 KZT/KGS: ▼ 0.19 CNY/KGS: ▲ 12.20 Алтын (гр): ▲ 6,500.00 Күмүш (гр): ▼ 82.00 Кара май (баррель): ▼ 74.50 USD/KGS: ▲ 88.50 EUR/KGS: ▼ 95.20 RUB/KGS: ▲ 0.95 KZT/KGS: ▼ 0.19 CNY/KGS: ▲ 12.20 Алтын (гр): ▲ 6,500.00 Күмүш (гр): ▼ 82.00 Кара май (баррель): ▼ 74.50
Меню
Жарнама
Коом

Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Taberik Newsroom 5 мүн окуу
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү — Taberik
Макаланы угуу
0:00

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-майда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки мамлекеттин башчылары достук маанайда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулук, өз ара түшүнүшүү жана достук духундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашты.

Кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги багыттар боюнча өнүгүүсүнүн оң динамикасы канааттануу менен белгиленди. Мамлекет башчылары мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

Сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы саммитине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой бирге, тараптар саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары алдыдагы жогорку деңгээлдеги, анын ичинде көп тараптуу форматтардагы жолугушуулардын графигин карап чыгышты.

Президенттер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча пикир алмашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында мамлекет башчылары өз ара сый-урмат, ишеним жана колдоо принциптерине негизделген кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары чыңдооге берилгендигин ырасташты.